Кыргызстанда музейлер жана китепканалар өз ишин бүгүн,14-сентябрдан тартып үзгүлтүксүз баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, музейлер жана китепканалар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан иш-аракеттер алгоритмине ылайык иштешет.

Аталган мекемелерде, иш-чаралар бардык эпидемиологиялык чараларга жана санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык жүргүзүлүшү керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты.

Бардык келген адамдар беткап кийип, социалдык аралыкты сакташ керек, музейлерде жана китепканаларда  санитайзерлердин  болушу талап кылынат.