Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды

-КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, республикадагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, жана калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында (РКЖОО) карантиндик режим алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды жаткырууну баштады.

-Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылат.

– Ошондой эле, жогоруда аталган буйруктун негизинде, №6 Шаардык клиникалык ооруканасы 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды.
-Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы инфекциялык оорулары бар балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү.
-Республикалык дерматовенерологиялык борбору профили боюнча бейтаптарды кабыл алууну баштады.