Кениянын тургуну жолугушуу учурунда сүйүктүүсүнүн көзүнчө көз жумду. Бул тууралуу, Pulse басылмасы билдирди.

Окуя алар романтикалуу пикникке келген кооз шаркыратманын жанында болгон. Сүрөткө түшүп жатып, 31 жаштагы аял тайгаланып, сууга кулап, чөгүп кеткен. Сүйүктүүсү аны куткарууга аракет кылган, бирок анын аракети текке кеткен.

Кениянын The Standard басылмасы туристтер ушул жерде көп каза болушарын белгилеген. Жергиликтүү жашоочунун айтымында, 200дөн ашуун адам шаркыратманын жанында сүрөткө түшүп жатып мерт болушкан.