Мен дагы арманымды кимге айтууну билбей силерге айтууну чечтим. Менин көйгөйүм апам. Ата — энем кичинекейимде ажырашып кетишкен. Андан соң көп өтпөй Россияга кеткен болчу. Үй-бүлөдө эң кичүүсүмүн. Менден улуу агам бар. Апам 13 жашымда бир отоло Кыргызстанга келди. Келгенимде мени эрке эч нерсени билбеген кыз болуп калганымды көрүп, мага үйрөткөндүн ордуна уруп, сабап кыйнап баштады. Макул, апа деген ушундай болот экен деп унчукпай тилин алып жүрдүм.

Апам мектепте мугалим болуп иштейт. Мени баарына жамандай берчү, кошуналарга, туугандарга. Айткылачы ким өз кызын жаманатты кылат? Жаман болгон күндө да бирөөгө изин чыгарбаса болот го чынбы? Мага да сабак берчү, классташтарымдын алдында дагы жүзүмдү жерге каратат эле. Анчалык жаман кыз дагы эмес болчумун. Болгону иштерди жакшы кыла алчу эмесмин. Сөз кайтарат элем аным чын. Бирок элге шерменде кылганды кереги жок го.

Азыр болсо агам үйлөнгөн, жеңемдин жанында мени уруша берет жаман сөздөр менен, «жалап, канжык, арамы деп». Жаңы үйгө көчсөк, жаңы кошуналарга да жамандап бүттү. Агам менен жеңеме андай эмес. Женеме бир жаман сөз дебейт, тил жугузбайт. Аларга ыйлап сыктап — «бул мени эрте күндө өлтүрөт» дейт. Мени «сенин кызың түрмөдө чирисин, кан ыйлагын» деп айтыптыр. Алар кайра мени мени урушушат. Өзүнчө психолог, башка бирөөлөргө баланы кемсинтпеш керек, кийин түнт болуп калат деп кеңеш берет. А эмнеге мени антпейт?

Окуучу кыздарын мактап, бир жери ооруп калса жан тартып турат. Ал эми мен оорусам артисиңби деп шылдыңга алат. Анан дагы Медуниверситетте окуймун бюджетте. Жашоомду да талкалады, каалаган окуума окутпай. Кыскасын алганда азыр өтө жаман абалдабыз, мен дагы бетине эле тажаттыңыз деп айтчу болдум.

«Урматтуу» апалар! Ар дайым эле силер туура эмессиңер! Сый кааласаңар сыйлуу болгула! Кызынар канча жаман болсо силер мээримдүү болсоңор ал деле түшүнөт да. Биздин дагы жан дүйнөбүз, жүрөгүбүз, көз карашыбыз бар!

Айнура