Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 101 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 54 адам;
— Чүй облусунда 11 адам;
— Ош облусунда 3;
— Нарын облусунда 1;
— Ысык-Көл облусунда 2;
— Жалал-Абад облусунда 11;
— Баткен облусунда 19 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 41 миң 23 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.
Өлкөдө жалпысынан 44 миң 928 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.