Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоо майыптардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын кабарлады.

12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылган:

  • Саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана брайль арибинде жазышы керек.
  • Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш.

        —   Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 72 583 майып бар.

Эскерте кетсек,Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия катышууда.