«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын үгүт кербени Талас облусунун Кара-Буура районунда уланды. Партиянын лидерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, партиянын  программасы  тууралуу кеңири маалымат беришти.

“Биримдик” партиясынын  төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров программага  кеңири токтолуп, “Биздин негизги максат — программаны элге жеткиликтүү кылып берүү” деди. Ошондой эле партия кыска убакытта өзүнүн катарына жигердүү, татыктуу инсандарды чогулта алганын баса белгиледи.  Зулпукаров партиялаштары  тууралуу айтып келип,  “Алардын акылы, билими тажрыйбасы жетиштүү. Мамлекетти чоң ийгиликтерге жеткирүүгө күчүбүз жетет” деди. Ал эми мамлекеттин бюджетинин киреше бѳлүгү  тууралуу сѳз кылып,  2005-жылга чейин бюджет 48 млрд. сом  болсо,  2009-жылдан 2019-жылга карата бул кѳрсѳткүч 154 млрд. сомго жеткенин билдирди. Төрөбай Зулпукаровдун айтымында,  ушул кирешелердин эсебинен социалдык көйгөйлөр чечилип, пенсия, жөлөк пул, социалдык колдоолор  төлөнүүдѳ.

Ал ошондой эле  партиянын идеологиясына токтолуп,  “Евразиялык тандоо —  бул биздин тарых. Демократиялык социализм – бул СССРге кайтып келүү эмес, бул малекеттик жеке өнөктѳштүктү күчөтүү. Бул — социалдык тендик деген сөз”, — деп түшүндүрмѳ берди. Жеңишке жетишкендер  жоопкерчиликти моюнга алуулары  керектигин айтып, партия келечекте аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу менен  чиновниктердин санын  кыскартууну кѳздѳй турганын кошумчалады.

Андан кийин  партиянын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов сѳз алып, тѳмѳнкүлѳрдү айтты: “Евразиялык тандоо — бул кошуна мамлекеттер менен  экономика, маданият жана башка тармактар боюнча алака-катышты бекемдөө”, — деди. Анын айтымында,  негизги багыт  бул экономиканы көтөрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү. “Биздин партия көпчүлүк добуш алса,  программада белгиленген  реформаларды ишке ашырабыз. 4 жылда Кыргызстандын 4 жылдык стратегиясы эмес, 15 жылдык багыты белгиленет”, —  деди А. Жамангулов.

Ошондой эле «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Аида Касымалиева майып балдарын караган ата-энелерге жөлөк пул бериле баштаганын,   баланы караган эне эмгек стажы  менен пенсияга чыгуу укугуна ээ болгонун маалымдады.

Кара-Бууранын кулуну, “Даңк” орденинин ээси, кѳп жылдардан бери ѳлкѳнүн суу чарбасында жетекчилик кызматтарды аркалап келаткан «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын депутаттыкка  талапкери Таштаналиев Көкүмбек сөз сүйлөп, партиянын катарына кошулгандыгынын себебин тѳмѳнкүчѳ билдирди: “Партиянын катарына кошулганымдын себеби, партиянын курамындагы саясатта жалындуу демилгелери бар, мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошкон инсандарды  көрүп тандадым”, —  деди.  Ал добуш берүү күнү  партиялардын элдин турмушун жакшыртууга багытталган максаттуу программаларын  эске алып, тандоону жүрѳктүн  таразасына салып кылууга чакырды.  

Жолугушуунун соңунда Кара-Буура районунун белгилүү инсандары, кадырман аксакалдары “Биримдик” партиясынын талапкерлерине ийгилик каалашып, “Айкол Манас атабыз колдосун!”, —  деп баталарын беришти.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.