Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдө эттин баасынын кымбаттап кеткен себебин айтып, учурда канчадан сатылып жатканын жарыялады.

Интернетте өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиги боюнча маселе көтөрүлгөн. Уй этинин бир килограммы 400 сомдон сатылып жатканы айтылган.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, мал жана эт Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып жатканын кабарлаган. Айрым фермерлер мал алып, коңшу мамлекеттерге саткан ортомчулардын саны өскөнүн да айтышкан.

«Ушундай учурдан пайдаланып, мал базарда койдун саны да аз болгондуктан фермерлер жана алып сатарлар малдын баасын дароо көтөрүп жиберишкен. Мындан улам азык-түлүк саткан базарларда кой этинин баасы 10-15 сомго, ал эми уй эти 25 сомго кымбаттаган», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик агенттик 9-сентябрда бааларга экспресс сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Анда орточо эсеп менен алганда кой эти 360 сомдон 367 сомго чейин (2,1%) кымбаттаганы аныкталган. Уй эти 363 сомдон 368 сомго чейин (1,2%) өскөн. Өткөн жумага салыштырмалуу эттин баасы Нарында жогорулаган. Ал жакта кой эти (355 сомдон 366 сомго чейин) 1,4 пайызга кымбаттаган.

Караколдо кой эти 325 сомдон 330 сомго чейин, уй этинин 1 килограммы 335 сомдон 340 сомго чейин сатылууда.

Таласта баа 28 пайызга көбөйгөн. Тагыраагы, кой эти 360 сомдон 370 сомго чейин кымбаттаган. Ошто кой эти 20 сомго (375 сомдон 395 сомго чейин) кымбаттаса, уй эти 385 сомдон 395 сомго чыгып кеткен. Жалал-Абадда кой этинин наркы 375 сомдон 385 сомго чейин, уй этинин баасы 375 сомдон 385 сомго жогорулады.

Баткенде бул баа 10 сомго көтөрүлгөн. Тактап айтканда, кой эти азыркы тапта 380 сомдон сатылып жатса, уй эти беш сомго кымбаттаган. Азыр анын бир килограммы 375 сомдон сатылууда.