Бишкек шаарында 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жалпы 5 миң 603 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча 5 миң 603 фактынын ичинен 69 айдоочу мас абалында унаа башкарган, 19 айдоочу алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдаган, 112 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жана 5 миң 393ү башка мыйзамдарды бузган.

“Айып аянтчасына 676 унаа киргизилген, анын ичинен 255и эвакуацияланган”, — деп айтылат маалыматта.