Нарын облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмү кадимки режимде иштөөдө — ал жакта бейтаптар көп эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Медициналык мекеменин балдар бөлүмүндө жаш балдар жык толгону тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбешин, аталган мекеме  четке какты.

Оорукананын директору Чыңгыз Нарынбековдун айтымында, балдар бөлүмүндө 12 керебет бар. Учурда бейформал этиологиядагы пневмония менен ооруган эки бала, суук тийген беш бала бар. Калган беш керебет бош турат.

«Мындан тышкары,  үй-бүлөлүк дарыгерлердин кабыл алуусунда балдарда пневмония менен дарылануу учурлары көп катталбагандыгын маалымдайбыз», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Нарын облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмүндө бейтаптар көп болуп, дарыгерлерге балдардын массалык инфекциясы жөнүндө маалымат таратууга тыюу салынгандыгы тууралуу билдирүү тараган.