Түркиянын Анталия шаарындагы беш жылдыздуу мейманканалардын биринде үй-бүлөсү менен эс алууга келген орусиялык мектеп окуучусу зордукталды. Бул тууралуу, “Хурриет” басылмасы   жазды.

Гезиттин маалыматы боюнча, 15 жаштагы орус кызга жайгаштыруу жайынын официанты «өз бөлмөсүндө сексуалдык зомбулук көрсөткөн».

Андан кийин жабырлануучунун үй-бүлөсү мейманкананын кызматкерлерине полицияга өтүнүч менен кайрылышкан, бирок анын жетекчилиги окуяны жашыруу жана бизнестин беделине доо кетирбөө үчүн бардык чараларды көрүшкөн.

Натыйжада, орусиялыктар жергиликтүү прокуратурага барып, официантка жана мейманкананын бүт жетекчилигине каршы арыз жазышкан. Мындан тышкары, Орусиянын Анталиядагы консулу Иван Степанов дагы Туризм министрлигине жана Жер Ортолук деңиздин туристтик мейманканалар ассоциациясына кайрылуу жолдогон.


Өз кезегинде мейманкана жетекчилиги окуяга кыздын өзүн күнөөлүү деп эсептейт.

«Айыпталуучу биз менен төрт жылдан бери иштешет. Ал орус кыздын дагы бир эс алуучу өбүшүп жаткандыгын көргөн. Андан кийин ал бөлмөсүнүн жанынан өтүп бара жаткан официантты токтотуп, ага: — “Апама айтпа”,- деген.  Доомат коюп, жалаа жабуу дал ушул диалогдон кийин пайда болду ”, — дейт башкы менеджер Фатма Доган.