Таиландда мектеп мугалими үй тапшырмасын аткарбаган окуучуну өз алдынча жазалады. Ал окуучуну 100 ирет отуруп-турууну талап кылган. Бул окуучуга кыйынчылык туудурган.

13 жаштагы бала мугалимдин физикалык көнүгүүсүн толук аткара албай өзүн жаман сезген. Эртеси күнү көз жумуп, баланын сөөгүн жакындары моргдон табышты.

Дарыгерлер болсо баланын жүрөгү токтоп калганын, физикалык басым ден соолугуна катуу таасир бергенин айтышууда. Ал эми баланын атасы болсо уулу мындан бир күн мурун ооруканага жатып чыккан, мугалим муну билсе деле жазасын уланта берген.
Мектеп жетекчилиги каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, бул окуя башкаларга сабак болгонун билдиришти.