Young girl is watching sunset over Tokyo in Odaiba.

Мен Чүйдөн болом. Азыркы учурда бир жигит менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөм. Анын жерлиги Оштон болот. Ата-энем, туугандарым баары ал бала менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билишет. Баары жакшы эле кабыл алышкан, мени ойлондурган нерсе келечекте кайын журтум мени «аркалык» деп кабыл албай коебу деп корком. Себеби апасы көп эле жолу кыз таап берип «үйлөн» деген экен жигитим жактырбай жүрүптур.

«Мени ата-энеңиз кабыл алса баш кошолу эртеңки күнү апасы мен тапкан кызды чанып койдун деп мени жактырбай, экөөбүздүн жашообуз бузулушун калабайм. Үй-бүлөөңүзгө ылайыктуу келин болуп жакшы ой тилек менен ак көшөгө отургум келет» дедим. Молдого дем салдырганы барганда айтып калды ошол бала жөнүндө. «Ал бала начар адам экен алыс бол, турмушка чыгасын бат эле ажырашып кетесиң. Жашооңордун бузулушуна энеси себепкер болот. Себеби энеси келин кылам деп жүргөн бир кызы бар экен бала аны жактырбай качып жүрөт үйлөнбөй, өзү дагы ойноок бала экен» деп андан башка ашыкча эч нерсе айтпады.

Мен ал нерсеге ишенгим келген жок. Себеби айтылган сөздөр ал адамга туура келбейт. Мүнөзү бир сырдуу, сабырдуу бир сөз менен айтканда мени ойлогон адам. Келечекте бактылуу болуп жашап кетишке көзүм жетет. Жашы деле 30дун ары жагында ойноок деп айтайын десең. Экөөбүздүн тең биринчи турмушубуз болот буйруса. Сурайын дегеним кийин турмушка чыкканда өкүнүп калбаймынбы?