Ырчы Гүлнур Асанова жоолук салынгандан кийинки жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу Инстаграм баракчасына жазды. Ал кээ бир кыздарды кымбат баалуу кийимдер кийилбей калат деген ойдон алыс болууга чакырды.

Ырчы шарты жокторго жоолук, көйнөк берүүгө даяр экенин билдирди.

“Көпчүлүк кыз-келиндер жоолук салынсам гардеробумдагы кымбат спортивка, көйнөк жана башкалар калып кетет дешет экен. А мен бул оюңузду четке какканга мажбурмун. Мисалы, менин гардеробумда классика кийим көбүрөөк эле, ошондой эле спортивный дагы. Ишенесизби, мен азыр баарын эле кийип жатам. Болгону рубашка менен кененирээк видеодогудай юбка. Ал эми спортивный костюм сөзсүз кийилет экен, көрсө үстүнөн тизеге чейин келген желетка кийип алсак бүттү. Эч жакка ыргытпайсыз кийимдериңизди. Ал эми бут кийимдер ошол эле, айрыкча ботинка, кроссовки түрлөп киесиз.
Бул менен эмнени айткым келди? Жогорудагы гардеробум калып кетет экен деген ой сизди кармабасын. Жоолук салынсам деген ниетиңиз болсо, эч кечиктирбей салыныз!  Бул менин чын жүрөктөн кеңешим.
Ал эми жоолукка кирмекмин шартым жок деп жүргөн кыздар болсо мен сизге жоолук, көйнөк берүүгө даярмын.
Жазыңыз тартынбай! Аллахтын жолунан эч качан тартынуу, кооптонуу, ойлонуу болбошу керек. Катарымдан күтөм сиңди, эжелеримди.
Аллахтын сүйүктүү пендеси болууга шашылалы”, – деп жазган Гүлнур Асанова.

https://www.instagram.com/p/CFEvp_6HQ-C/