Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган эс алуу ойдогудай өтүп жатат. Бул боюнча Ысык-Көлдөгү “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында реабилитациядан өтүп жатышкан Баткен облустундагы медициналык мекемелерден барган дарыгерлер билдиришти. Алардын айтымында жатакана, тамак-аш жана маданий иш чаралар мыкты деңгээлде уюштурулган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ирсалат Абдуллаева: “Социалдык тармактар аркылуу Баткендин дарыгерлери Ысык-Көлдөгү эс алуу шарттарына нааразы болуп жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. Биз бул пикирге кошулбайбыз. Мындан артык дагы кандай болсун? Биздин эч кандай дооматыбыз жок. Тескерисинче, ыраазыбыз”, — деди Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын бөлүм башчысы.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөгү “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында 2500дөн ашуун дарыгер эс алып, ден соолуктарын калыбына келтиришти.