Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги таш түшүп, жабылып калган Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.
Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды.

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн.

Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.