15-cентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Бийик тоолорго кар түшөт.

Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,
Нарын жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус болот, жаан-чачын жаабайт.