Бүгүн, 15-сентябрда Кара-Балта шаарындагы кышкы бассейн сууга түшүүчүлөр үчүн өз эшигин ачат. Бул тууралуу, шаардык мэриядан кабарлады.

Маалым болгондой, суу 28 градуска чейин жылуу. Кышкы бассейн «Манас» муниципалдык спорттук комплексине карайт. Бул жер авариялык абалдан улам 2 жыл иштебей турган. 2019-жылдын ноябрь айында оңдолуп, бирок карантинден улам иштеген эмес.