АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары Чолпон планетасында жашоонун белгилери бар деген тыянака келишти. Алар планетадан атмосферасынан фосфин тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Бул жаңылык Гавайидеги Джеймс Кларк Максвелл телескобу жана Чилидеги миллиметрдик диапазондогу Атакама ири антеннаны толкуну менен жасалды. Фосфин бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 20 миллиардка жетет”,-дешит окумуштуулар.

Фосфин – түссүз, өтө улуу газ. Жерде ал анаэробдук микроорганзимди иштеп чыгат. 2019-жылы изилдөөлөргө ылайк фосфин бөлүкчөлөр бар жерде жашоо мүмкүнчүлүгү бар экени маалымдалган.

Буга чейин окумуштуулар фосфинди биологиялык эмес чыгаруу жолдорун таба албай келишкен эле.