Менин жүрөгүм катуу ооруп жатат, өтө көп ойлонгондонбу билбейм. Күйөөм экөөбүз турмуш курганыбызга 2 жыл болуп жатат. Бирок нике жок. Учурда Россиядабыз туугандардын баары никеси бар деп ойлошот. Башта молдону күтөм,- десем 1 кун чыдабай койгон, ошентип той болду, баары угушту. Дароо боюмда болду, мына балам 1 жашта.

Жакында өзүм айылга кетип жатам, бирок нике жок. Тообо кылам эстеген сайын, күйөөмө аалам тегиз, молдо чакыр деп жаңжал да салдым эртен деп жүрүп ушунча убакыт өттү. Кантем эми баары никеси бар деп ойлойт. Кеңеш бериңиздерчи суранам, күйөөмө көңүлүм сууп баратат. Жүрөгүмдү өйүгөн бул маселени кантип чечсем болот?