Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 80 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 22 адам;
— Ош шаарында 3 адам;
— Чүй облусунда 11 адам;
— Ош облусунда 7;
— Талас облусунда 2;
— Ысык-Көл облусунда 11;
— Жалал-Абад облусунда 15;
— Баткен облусунда 9 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 41 миң 103 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.
Өлкөдө жалпысынан 44 миң 999 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.