Бүгүн, 15-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 71 адамдан коронавирус аныкталды. Өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат берип жатат.

Муну менен өлкө аймагында март айынан бери 44 миң 999 адамга коронавирус жуккан.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

Бишкек — 13
Ош — 3
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 9
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 23