Кыргызстанда коронавирустун божомолдонгон экинчи толкунуна карата иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдукаримов Өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиясын өз убагында аныктоо үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын вирусологиялык лабораторияларына реактив жана тест-системаларын сатып алуу үчүн заявкалар даярдалды.

Коомдук саламаттык сактоонун 1500 адисинин очоктордо 6 ай иштөөсү үчүн керектүү болгон жеке коргонуу каражаттарынын, дезинфекциялык каражаттардын, антисептиктер эсептелип чыгып, бюджет түзүлгөн жана сатып алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Сасык тумоону жана Covid-19 ПЦР- изилдөө менен диганостикалоо үчүн 15 бактериолог дарыгери окуудан өттү.