Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттыкка талапкери Кылычбек Исамамбетовду үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жоопко тартмай болду. Мындай чечим БШКнын 14-сентябрындагы отурумунда кабыл алынды.

Боршайкомго жарандардын биринен үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузулганыдыгы тууралуу арыз түшкөн. Анда “Мекеним Кыргызстан” партиясы коюлган чектөөгө карабастан концерт өткөргөнү, анда ырдаган ырчы кыздын жаш курагы да суроо жаратып жатканы айтылган.

Териштирүү учурунда партиянын өкүлдөрү мындай иш-чара Баетов айылында өткөнү анык экенин, бирок бул тууралуу партия жетекчилигинин кабары болбогонун, жаза чарасын партияга эмес, талапкердин өзүнө колдонуу керектигин айтышты.

БШКнын арызды талкуулаган иш тобу партияга жазуу түрүндө эскертүү берүүнү сунуш кылып, натыйжада комиссия талапкер Исамамбетовго карата гана жаза чарасын көрүү тууралуу чечим чыгарды. Талапкер шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жаткандагы музыкалык номер жөнүндө кабары болбогонун, ырчыны өзү кийлигишип токтотконун айтып берди.

Талапкер “Бузуулар жөнүндө” кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деген 44-беренесинин негизинде жазаланмай болду. Ага ылайык, жазалануучу тарапка айыппул салынат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.