Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармакта талкууланып жаткан мурдагы элчи Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча маалымат таратты.

Ага караганда, Россиянын аймагында жашаган кыргызстандыктар Аттокуровдун маалымат порталдардын бирине «Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү боюнча маселе талкууланып жатат» деп айткандары боюнча дипөкүлчүлүккө кайрылышкан.

Элчиликтин маалымат кызматы мындай пикир билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок экенин белгилеп, Аттокуров Россиянын жараны катары жеке пикирин гана айтканын билдирди.

Элчилик ошондой эле Кыргызстандын расмий позициясы менен бөлүштү.

«Кыргызстан — көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, орус тили мамлекеттик эмес расмий тил болуп саналат. Кыргызстандын жетекчилиги мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик жарандарды коомчулукту дүрбөлөңгө салып, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүчү ой-пикирлерди коомго жарыялоодон алыс болууга чакырат.