Ош шаарында сойкукана уюштурууга шектелген айымга карата өкүм чыкты. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Асел (аты өзгөртүлдү А.Б.) 1985-жылы Өзгөн районунда туулган. Эч жерде иштебейт, билими орто, бойдок. Ага Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Асел 2020-жылдын 16-июнь күнү Ош шаарынын Нурматов көчөсүндөгү имаратты сойкулук менен алектенүүчү көмүскө жай кылып, сойкулардын иштөөсүнө шарт түзгөн. Ал жерде иштеген сойкуларга кардарлар бир жолку жыныстык катнашка кирсе 300 сомдон алып, денесин саткан кыздарга 150 сомун берип, калган теңин өзү алып турган.

Соттук териштирүүдө Асел айыбын мойнуна толугу менен алып, соттон жеңил жаза берүүнү суранды.

«Мен Нурматов көчөсүндөгү мончодо администратор болуп иштейм. 16-июнь күнү бир бейтааныш жигит кирип, «кыз барбы, чакырып бериңиз» деп, жыныстык катнаш үчүн 300 сом акча берди. Ал кыз менен бир бөлмөгө кирип кетти. Артынан көп өтпөй эле милиция кызматкерлери келип, жанагы берген 300 сом акчаны сураганда бергем. Мен бул мончодо администратор болуп иштеп, «кыз чакырып бер» деп суранганда чакырып коюптурмун», — деди ал.

Сот иштин материалдарын карап чыгып, аны Жазык кодексинин 167-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча айыптуу деп тапты.

«Айыпталуучу А.Б. Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү менен айыптуу деп табылып, ал боюнча 1 жылга эркиндигинен ажыратылсын. Айыпталуучуга 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалсын. Бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылсын. А.Б. туруктуу жашаган жериндеги пробация органына каттоого туруп, мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп туруусу, алардын уруксатысыз туруктуу жашаган жерин өзгөртпөөсү милдеттендирилсин», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Булак: Турмуш