БШК үгүт учурунда Кыргыз Республикасынын гимнин жана партиялардын гимндерин ырдоого уруксат берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, БШКнын отурумунда комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү гимн ырдаса болот деген чечим кабыл алышты жана бул концерт деп эсептелбейт. Бирок гимнди аткарууга эстрада ырчыларына эмес, депутаттыкка талапкерлерге гана уруксат берет.

Учурдагы шайлоо мыйзамдарында концерттерге тыюу салынган. Бирок шайлоочулар менен жолугушуу учурунда партиялар Кыргыз өлкөсүнүн гимнин, ошондой эле өз партияларынын гимндерин ырдашат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда. Үгүт иштери 3-октябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт.