Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан  оор жаракат алып, учурда үйүндө калыбына келип жатканы маалым. Ырчы Айым кырсыкка 2 ай болгонуна карабастан, денесинин көгөргөн жерлери кете электигин айтып инстаграм баракчасына бөлүштү:

“Жол кырсыгынан 2 ай өтсө дагы, көгөргөн жерлер дагы деле кете элек. Сүрөттөгү эң кичинеси. Эң башкысы аман калдым. Ал эми булардын баары өтүп кетет”,- дейт ал.