БШК Дастан Жумабековдун төрөгөн келинге берген сүйүнчүсүн текшерет

от автора

в

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун Таласта төрөгөн келинге берген сүйүнчү акчасы текшерилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланды. Маалыматка караганда, Таласка иш сапары учурунда төрага уулуна анын ысмын ыйгарган келинге сүйүнчү берген.

Ал эми теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева Дастан Жумабеков Таласка болгон расмий иш сапарында жаңы төрөлгөн «Дастан» ысымындагы ымыркайга өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан «50 миң сом» бергенин айтты!

«Жакынкы жылдарда Кыргызстанда жаңыдан туулган ар бир ымыркайга мамлекет тарабынан ушундай “сүйүнчү” берилээрине ишендирип кетти»,-деп жазат Жамгырчиева.

Белгилей кетсек, кечээ эле БШК «Кыргызстан» партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берди. Саясый уюм үгүт материалдарына балдардын сүрөтүн колдонгон.

Үгүт эрежесине ылайык, плакатта балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөтүн колдонууга тыюу салынган.


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *