Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-сентябрь күнү, мамлекет башчы менен министр онлайн жыйын курганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса, октябрь айынан тарта окуучуларга мектепте билим берүүнү пландап жатабыз», — деди министр.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдой турганын айтып, окуу процессин салттуу режимге этап-этабы менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Министр ошондой эле президентке оңдолуп, курулуп жаткан мектептер, билим берүү системасын 2020-2040-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы боюнча дагы отчёт берди.