Депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот. Парламенттин аки-чүкүсүн таанып, кабинеттерин бөлүшүп, олтургучтарын оңдоп бүткүчө эле бир жыл зуу деп өтөт. Мындай пикирин  Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Фейсбук баракчасына жазды.

«Депутаттын портрети… Он алты партиядан кеминде эле эки миңдей талапкер ЖК депутаттыгына ат салышып турган кез. Депутат десе эле көптөрдүн кучунашы кармаганы менен, депутат болууну аябай эңсегендердин катарынын калыңдыгы таң калыштуу. Алтынчы чакырыштын ачуу-таттуусун бирге көрүп калган атуул катары беш жылга жакын убакыттын ичинде байкагандарыман жеке пикир иретинде ушул жерге жазып коюуну чечтим. Балким, жаңы депутаттарга сабак болуп калгысы бардыр.

Депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот. Парламенттин аки-чүкүсүн таанып, кабинеттерин бөлүшүп, олтургучтарын оңдоп бүткүчө эле бир жыл зуу деп өтөт. Экинчи жылы лидерлер суурулуп чыга баштайт, айрыкча, өкмөттүн ишин тескегендер, экономикадан баштап, маданият, психология, гинекологияга чейин тармактарды аңдап-түшүнүп дегендей. Үчүнчү жыл депутаттын бышып жетилген маалы. Саясатты чемичкедей чагып, кишилерин кызматка түртүп, жазган же жактаган мыйзамдары кадимкидей өлкөнүн жашоо-турмушуна таасир этип, юридикалык, ораторлук жана саясий таланттары ачылган жыл болот. Мыктыларын дээрлик жыл сайын алмашчу өкмөттөргө вице, же бери дегенде эле министрликке алып кетет. Төртүнчү жылы депутаттын ит талагандай сын-пикирлерге да, мактоо, кошоматчылык, пактакорлорго да бирдей туруштук бергидей иммунитети пайда болот. Мурдараак курч сүйлөгөндөрү кадимкидей токтолуп, өз чөйрөсүндө авторитети өркүндөгөн маалы. Депутаттан башка адамдар менен көп деле сүйлөшпөй, өздөрүнчө консультацияларды өткөрүшүп, шыбырашып, той-тамаша, куран окуткан жерде деле депутаттар өзүнчө үстөлгө бөлүнүп олтуруп, депутат эместерден бир аз оолагыраак болушат, биздейлерден ковид жугуп калчудай «социалдык дистанцияны» дайым сакташат. Баамдасаңыз, кээбирлеринде мындай мүнөз талапкер кезинен эле старт берет. Ушундайда баягы эле айыл жыттанган, кичинекей бир кыштактан чыккандар же бир спортсмен депутаттар, же кайра-кайра шайлана берип депутаттыктан тажагандар гана өзгөрбөйт. Аларга депутатпы, жөнөкөй адамбы баары бирдей болот, негедир. Адамдар менен ылгабай саламдашат. Айтмакчы, төртүнчү-бешинчи жылдары ЖК депутаттары фейсбук сыяктуу түйүндөргө өтө кылдат мамиле кыла баштайт. Ашыкча пикир, сүрөт же маалымат таратуудан карманышат. Байкасаңыз, депутаттын азы эле лайк, дислайк деген смайликтерди колдонот. Бул алардын маалыматтан алыстыгы, убактысынын жоктугу же фейсбуктагылардан жийиркенгендиги эмес, саясий жактан абдан кылдаттыгы, такшалгандыгы десе да болот. Бирөөлөрдү капа кылып албайлы дешет. Социалдык желени көбүнчө алардын консультанттары колдонуп, лайк басышат:-))). Өздөрү окуса да окумаксан, көрсө да көрмөксөнгө салып коюшат. Бешинчи жылы депутат үчүн да, алардын жанында иштеген бизге окшош карапайымдар үчүн да кызыктуу жыл. Себеби ушул маалда алар чоң иштерин кое туруп, өзүнүн кийинки мөөнөтү тууралуу ойлоно баштайт. Жөнөкөй адамдардын арасынан жакшы адистерди издеп, улуу башын кичик кылып дегендей, кайрадан таанышкан, бири-бирин кайра башынан жактырышкан моменттер көп кезигет. Депутаттын кабылдамасында депутат олтурган таң калыштуу учурлар да болбой койбойт.

Көп жыл иштеген кесиптештеримен сурай келсем, бул кубулуштар алтынчы чакырылыш үчүн эле эмес, соңку 29 жыл бою эле ушундай дешет. Кечээ бир талапкер дебаттан айтып атпайбы, депутаттын санын эки эсе кыскартып койсок эле чыгымы да эки эсе азаят деп. Өтө жаңылыш божомол. Себеби, парламент бул депутаттардан эле эмес, жогоруда айтылган беш жыл бою алардын жакшысына да, жаманына да, туруктуусуна да, өзгөрмөлүүсүнө да, текеберине да, адамгерчилигине да көнгөн, түткөн, түшүнгөн, анализ берген аппарат кызматкерлери, адистер, уюштурчуучу, юрист, консультанттардан турат. Башкача айтканда, көшөгөнүн артында туруп алып кара жумушту кылгандар ушулар. Алар тээ легендарлуу парламент, айрымдары Кыргыз ССРдин Жогорку Советинен бери мамлекетибиз үчүн илим-билимин, керек болсо өмүрүн сайып койгондор. Депутаттар келет-кетет, аппарат калат. Депутаттын санын 99 кыласызбы, 120-130 кыласызбы, баягы эле кара эшектей күчү менен аппарат жүктүн баарын көтөрөт. Дагы бир маанилүү нерсе, келечектеги мыкты адистер, мамлекеттик кызматкерлер депутаттын жанында чайын да, кагазын да ташып жүргөн консультанттардан чыгат. Алар үчүн парламент чоң университет. Андыктан, мен талапкер болсом, консультанттардын санын кайрадан эки кишиге көбөйтүүнү демилгелемекмин. Себеби, үнөмдөө санды кыскартууга эмес, эффективдүү башкарууга таянышы керек деп ойлойм. Элестетсеңиз, парламенттеги бир жаңылыш кадам мамлекетке миллиарддаган чыгым алып келиши мүмкүн, ошону менен бирге, бир туура кадам он миллиарддаган кирешелерге жол ачышы да толук ыктымал. Албетте, ачык, таза иштөө, өкмөттү, бюджетти тыкыр көзөмөлдөө аркылуу.

Депутат бул элдин өкүлү. Элибизде канча ар түрдүү пикир, канча улут, канча кулк-мүнөз болсо, депутаттын портрети да ошондой — түмөн түстүү боёк менен гана тартууга мүмкүн болгон өкүлүбүз. Депутат бул — бизбиз, биздин добуштан жаралган беш жылдык гибрид киши», — деп жазган Нуракун уулу.