Кафе, ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 15-сентябрдагы брифингде билдирди

Анын айтымында, бул маселе республикалык штабда каралмайынча, алардын иштешине уруксат берилбейт. 

«Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээлери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат”, — деди Кубатбек Боронов.