Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана белгилүү филантроп Билл Гейтстин атасы 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Билл Гейтс,  «Атам үй-бүлөсүнүн курчоосунда көз жумду. Биз азыр кайгырып турабыз, бирок ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Атамдын өлүмү күтүүсүз болгон жок, ал 94 жашта болчу, ден соолугу начарлап бараткан. Биз көп жылдар бою ушундай сонун адам менен чогуу болгонубузга канчалык бактылуу экенибизди ойлонууга үлгүрдүк», — деп жазган өзүнүн блогунда.

Гейтс Microsoft компаниясын түптөөдө жана кайрымдуулук иштерине атасы зор салым кошконун белгилеп, ал адам болбосо азыркыдай ийгиликтүү болбостугун айткан.

Жергиликтүү басылмалар миллиардердин атасы Альцгеймер оорусунан улам каза болгонун айтышууда.