4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча республикалык штаб алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык:

* Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо;

* Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо;

* Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо;

* Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек;

* Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо;

* Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел;

* Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт.