Жалал-Абадда курал колдонуп оор кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу, ЖалалАбад ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

2020-жылдын 27-июлуна караган түнү саат 04:35 чамасында Сузак РИИБдин 102 телефонуна Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан чалышып, Жалал-Абад шаарынын 59 жаштагы тургуну Б.Т. белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жараат алып келип түшкөндүгү тууралуу кабар берилген. Ошол замат Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Окуя 2020-жылдын 27-июлуна караган түнү болжол менен саат 02:45 чамасында Сузак районундагы Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан газ куючу жайлардын биринде орун алгандыгы, Жалал-Абад шаарынын 1961-ж.т. тургуну Б.Т. жумуш ордунда, тактап айтканда ошол жерде орнотулган вагондун ичинде уктап жаткан кезде, өзүнө бейтааныш болгон белгисиз эки атуул кара түстөгү бет кап менен кирип келип, колундагы газ баллон менен көзүнө чачып, белгисиз болгон тапанчасы менен ичине бир жолу атып денесине жаракат келтиришип, акча талап кылышып, окуя болгон жерден изин жашырышып, качып кетишкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча материал Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Бул кылмыштын бетин тез арада ачып, шектүүлөрдү колго түшүрүү максатында Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары көзөмөлгө алынып, натыйжада Ош облусунун, Кара-Суу районун 22 жаштагы тургуну, Кыргыз Республикасынын ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, К.Ж. кармалган. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен соттолгондугу белгилүү болгон. Шектүүнүн көрсөтмөсүндө окуянын күнүн жана шериги «Фарух» аттуу бала менен жогорудагы кылмышты жасашкандыгын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө Базар-Коргон райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынып, Базар-Коргон РИИБнин УКЖна киргизилген. Ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып, тергөө тапшырмасынын негизинде «Фарухтун» өздүгү жана жашаган дареги аныкталган, б.а. ал Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургуну А.Ф. экендиги жана мурда оор берене менен соттолгондугу такталган. Учурда издөө иштери улантылууда.

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2020-жылдын 7-август күнү Базар-Коргон районунун тургуну 1957-жылы туулган Х.Ж. милицияга арыз жазып, 6-августан 7-августка караган түнү саат 03:00 чамасында анын үйүнө жашы 25-30 чамасындагы азият улутундагы уч атуул бет кап кийип алып кирип келишип үй ээсин, аялын жана баласын кошуп байлап, уруп акча талап кылышып, аларга караштуу дүкөндүн касасынан 2000сомго жакын акчаны алып чыгып кетишкендиктен кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты боюнча арыз Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде өндүрүш иши башталган. Өндүрүш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Ош областынын тургуну 1998-ж.т. мурда соттолгон К.Ж. кармалган. Тергөөдө шектүү К.Ж. кылмыш жасаганы колдонгон куралдарды Базар-Коргондук “Сирожидин” аттуу киши алып келип, окуядан кийин кайра алып койгондугу туурасында көрсөтмө берген. Кылмыштуу тобту курал менен камсыздаган негизги уюштуруучунун бирин аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатта ыкчам иликтөө иш-чаралары андан ары улантылып, Жалал-Абад ОИИБдин Криминиалдык милиция кызматынын уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмчөсү,   ИИМдин  КМКнын экинчи башкармалыгынын, Сузак жана Базар-Коргон РИИБдин КМКнын кызматкерлери, “Шумкар” АБПнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери  тарабынан шектүү катарында Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну, мурда соттолгон  ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ж.С. кармалып, анын жашаган үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 даана ок атуучу курал, аларга тиешелүү бир тоб ок-дарылар жана 1 даана кара түстөгү кастет алынган. Шектүү Ж.С. Базар-Коргон райондук соту    тарабынан 2 айга камакка алынып, Базар-Коргон РИИБнин УКЖна киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп,  жогорудагы топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.