Бүгүн, 16-сентябрга карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берип жатат. Акыркы суткада өлкө аймагында дагы 73 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 45 072 адамга COVID-19 вирусу жуккан.

Жаңы катталгандар:

️- Бишкек шаарында 11 адам;

— Ош шаарында 3 адам;

— Чүй облусунда 5 адам;

— Ош облусунда 14 адам;

— Талас облусунда 3 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 9 адам;

— Жалал-Абад облусунда 9 адам;

— Баткен облусунда 18 адам.