Бүгүн, 16-сентябрга карата Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан 509 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алар:

  • Бишкек шаарында – 107;
  • Жалал-Абад облусунда– 80;
  • Ысык-Көл облусунда – 66;
  • Ош облусунда – 79;
  • Баткен облусунда – 104;
  • Чүй облусунда – 37;
  • Талас облусунда – 14;
  • Нарын облусунда – 9;
  • Ош шаарында – 13.

Ал эми үй шартында 1849 адам дарыланууда:

  • Бишкек шаарында – 919;
  • Ош облусунда – 101;
  • Чүй облусунда – 355;
  • Ош шаарында – 330;
  • Ысык-Көл облусунда – 50;
  • Жалал-Абад облусунда – 15;
  • Баткен облусунда – 32;
  • Нарын облусунда – 33;
  • Талас облусунда – 14.