Улуу Британияда бет каптын  ордуна  жыланды ороп алып автобуска минген адам соттолду.

Жүргүнчүлөрдү таң калтырган адам, өлкөдөгү коомдук транспорттогу коопсуздук чараларын шылдыңдагандай, жыланды мойнунан алып, темир кармагычка  ороп койгон. Күбөлөр бул көрүнүштү «кызыктуу» деп тапты деп жазат Daily Mail.

Бир жүргүнчү алгач ал киши «адаттан тыш маска» кийип алган деп ойлогонун, бирок андан кийин жыландын кандайча кыймылдап жатканын байкаганын айтты.

Жергиликтүү бийлик бул кишини айыптуу деп тапкан. Жылан бет капты алмаштырбай тургандыгын баса белгилеп, азыркы учурда алты кишиден ашык адамдардын чогулушуна тыюу салынгандыгын эскерткен.

https://youtu.be/v5WukZKKBhw