Баткен облусунда пикир келишпестиктен улам бир тууган агасынын өлүмүнө шектелип иниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү Баткен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум өз бир тууган инисинин урган жараатынан улам каза болгондугун аныкташкан.

“63 жаштагы маркум айылда 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.