«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад жергесинде эл менен жолугушууларын баштады. Талапкерлердин алгачкы жолугушуусу Токтогул районунун тургундары менен болду.


Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда добуш берүү жарандардын конституциялык укугу, жарандарыбыз ага жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл экенин айтты.  Жергиликтүү бийлик бардык партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн, кайсы бир партияга кызмат көрсөтүп, башка партияларды кысымга албоосун кошумчалады.

Андан ары сѳзүн улаган Зулпукаров: «Биримдик»  партиясы кимге жакса ал ошонун партиясы. Мугалимге жакса мугалимдики, дарыгерге жакса дарыгердики, фермерге жакса фермердики. Биз партияны диктатордук башкарууга, партиянын бийлигин бир колго башкарууга бербейбиз, — деп билдирди.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.