Өзүм тууралуу азын-оолак айтып берейин. Мен учурда студентмин. Белгилүү эле окуу жайда окуймун. 2-курстан баштап бир жигит менен таанышып, сүйлөшүп жүрөм. Ал мага жардам берет, каражат жагынан, ооруп калсам дары-дармек алып келип берет. Болгону анын улуту түрк экөөбүз бир курста окуйбуз.

 Көчөдөн элдер башкача көз караш менен карай беришет. Экөөбүздүн ортобузда жөн гана кадимки кыз-жигиттердей эле мамиле, сиздер ойлогондой интимдик эч кандай ашыкча нерсе жок. Болгону мен келечекти ойлоном, ал мени алам деп айтат. Бул жакта окуп, бизнес ачып жатат, өтө деле бай эмес. Ата-энем башында каршы болушту, азыр көнүп калыштыбы же убакыт өтсө урушуп кетет деп ойлоштубу унчукпай калышты.

Башка улутка турмушка чыккан эжекелер сиздерден кеңеш сурайт элем, кийинки жашоо кандай болот? Чынында азыр кыргыз жигиттер кур намыстана беришет. Бирок жашоодо ар кандай жагдайларды көрүп жатабыз. Көп эле мырзалар аялдарын балдары менен тыштап кетип жатышат. Эгер жигиттер башка улуттан кыз алса “ии орус экен аялы, же түрк алыптыр” дейбиз. А кыздар башка улут менен катар басып койсок эле сөзгө калабыз? Азыр аябай ойлонуп жатам, эгер бизнеси жүрүшүп кетсе шаарда эле жашайбыз. Кандай кылсам кеңеш бериңиздерчи….