Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген 664 даана Ыйык Куран китеп 70ге жакын мечиттин имамдарына, 10 диний окуу жайларга бөлүштүрүлүп берилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Аталган китептерди таратууда алгач Бишкек шаардык казыятында атайын имамдар үчүн жыйын болуп, анда баш калаанын казысы Замир кары Ракиев дин кызматкерлерине мечиттердин тазалыгы, намаз убактыларына дыкат көңүл бурууга чакырып, Куран китебин алып келүүдө салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек,  11-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келген. Ал китептер Муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка, диний окуу жайларга, өлкөнүн бардык мечиттерге таратылууда.