Бишкек шаарынын Жал кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга көп кабаттуу үйдүн эң жогорку кабаты күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат кечээ, 16-сентябрда саат 23:00гө жакын келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери, кайгуулчулар жана өрт өчүргүчтөр барышкан. Өрттү өчүргүчө укук коргоо органынын кызматкерлери ал жерди курчоого алып турушкан.

Өрт өчүргүчтөр бир сааттын аралыгында өрттү толугу менен өчүрүшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге өрт өчүргүчтөрдүн 3 бөлүмү, ошондой эле автошаты жана суу ташуучу унаа тартылган.