Бүгүн, 17-сентябрдан баштап “Түндүк электр” ААК карызы батирлердин электр жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы бидирет.

Малыматка ылайык, “Түндүк электр” ишканасы Бишкектеги карызын төлөбөгөн 6300 тиричилик абоненттеринин электр жарыгы аралыктан өчүрөт. Абоненттерге электр энергиясы карыздарды төлөп, тейлөө борборундагы байланыш кызматы үчүн акча  төлөгөндөн кийин гана берилет.

Ыңгайсыздыктардан жана туташуудагы ашыкча чыгымдарды болтурбоо үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы абоненттерди эсептерди алдын ала төлөөгө чакырат.