17-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

29

Бүгүн, 17-сентябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги райондорунда жана Ош облусунун тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +20…+25

Талас облусунда +18…+23

Баткен облусунда +24…+29

Ош, Жалал-Абад облусунда +24…+29

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +18…+23

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +23…+25 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +19…+21 градус болот.