Бул суроом кайнене кайната менен жашаган келиндерге. Балдарынардын тарбиясы кандай болуп жатат, менин чон балам 6 жашта ушундай тентек тил укпайт, мени алардын көзүнчө такыр көзгө илбейт.

Ыйлатпачы деп эле айтканынын баарын беришип оозу мурдуна тыгып турушат. Бир нерсе кылып коюп атайын мага тийшип алардын жанына отуруп алат. Болгон ызычуубуз ушул бала үчүн, болуша беришип аябай тартиби жок бала болду.

Күйөөм эртеден кечке иштейт айтсаң деле унчукпайт. Эч ким жок болгондо үйдө сонун жүрөт, тилимди угат кайнатамдар болсо эле мурунку адатын баштайт. Мен бул кружкага ичпейм буга эчем деп нервди жеп салат. Ушунун айынан кайненем менен урушуп 2 жолу ажыраштык болгон талашыбыз ушул. Баары айтат балаң ашыкча тентек дешет. Эми кандай кылсам болот? Акча бере беришет атасыда баары күнүнө жөн эле 200 сом жеп коет. Бербегиле деп да жаман көрүндүм. Башым катты кантип тарбиялайм.