Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы жети күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды. 10 -сентябрдан бүгүнкүгө чейин эң төмөнкү көрсөткүч 47, жогорку көрсөткүч 77 болгон.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 107си айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.