Эмине Эрдоган Тынчтык жана өнүгүү институту (INSPAD) негиздеген эл аралык «Тынчтык-2020» сыйлыгын алып, тааасирдүү мусулман ишмерлеринин рейтингиндеги ондукка кирген. Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги билдирди.

Уюм Түркиянын биринчи айымы социалдык чөйрөдө, маданият, искусствону өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоо жана аялдар укугу боюнча салым кошту деп белгилеген. Төрт баланын энеси 65 жаштагы Эмине Эрдоган 2014-жылдан тарта биринчи айым аталып келет.

Бул сыйлык түрдүү тармактарда ийгилик жараткан дүйнөдөгү мусулман ишмерлерге ыйгарылат. Эмине Эрдогандан тышкары тизмеде Бахрейндин Аялдар кеңешинин төрайымы Шайха Нура Аль Халифа жана Малазиянын экс-премьери Махатхир Мухаммад бар.

Тынчтык жана өнүгүү институту (INSPAD) бир эле учурда Пакистанда жана Бельгияда иш алып барат. Уюмдун дүйнө жүзү боюнча 5 миң элчиси, 12 миңдей мүчөсү бар.

Эске салсак, Эмине Эрдоган 2018-жылы Кыргызстан өткөргөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип кеткен. Кырчын жайлоосуна барып, жол тыгындан кармалып калган,  Ысык-Көлдөгү Тамчы айылындагы аэропортто жубайын Эрдоган бир жарым сааттай күтүп калган.

Булак: ВВС