2020-жылдын 16-сентябрь күнү    “AKIpress” маалыматтык агенттигине  жарык көргөн  “Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалган 7 адамдан коронавирус табылды – Кыйноолордун алдын алуу борбору”,-деген макалага Баткен облустук ички иштер башкармалыгы төмөнкүдөй маалымат берет.

Кызыл-Кыя ШИИБнин  убактылуу кармоочу жайында (УКЖ) пандемия башталгандан бери эле санитардык эрежелердин нормалары так сакталып келет. Убактылуу кармоочу жайга  келген ар бир жаран ден соолугунун таза экендигин тастыктаган ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн белгиленген мөөнөтүндө келип, УКЖ ичиндеги дезинфекция иштерин, ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн атайын дарыгери УКЖда кармалган ар бир жарандын ден соолугун текшерип, көзөмөлдөп турат.

Бирок УКЖда кармалган жарандар сотттук-тергөө иштерине, соттук-кароого катышып турушат. Көзөмөл иретинде экинчи жолу анализ тапшырган учурда УКЖда кармалган 6 жарандан 14-сентябрь күнү COVID аныкталган.  COVID аныкталган жарандар ошол күндөн тарта өзүнчө камераларга жайгаштырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Баткен облусундагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын УКЖнын кызматкерлери санитардык коопсуздук эрежелерин сакташкан жок, вирустук инфекциянын алдын алуу боюнча маалымат бурчу жок деген сөзү чындыкка дал келбейт. Анткени ал жерде кызмат өтөгөн ар бир кызматкер кол кап, антисептикалык каражаттар, беткап менен толук камсыз болушуп, атайын вирустук инфекциялык бурчтар даярдалып, жетекчилик тарабынан күн сайын текшерилип турат.

Кызыл-Кыя ШИИБдеги убактылуу кармоочу жайында Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери О.Балтабаева тарабынан дезинфекция иштери жасалып, акыркы жолу Кызыл-Кыя ШИИБнин санитардык дезинфекциялоо иштерин жүргүзгөн журналды 2020-жылдын 15-сентябрь күнү толтуруп кол коюлган.

Ал эми ушул эле күнү Акипресс сайтына  “Кармалган жаш өспүрүм Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүндө кыйноолорго кабылган” деген маалыматты четке кагып кенен түшүндүрмө беребиз.

2020-жылдын 20-июлунда Кызыл-Кыя шаарынан токтотуп койгон автоунааны белгисиз атуулдар айдап качып, Кадамжай районунун Алга айылындагы айылдын көчөлөрүнүн биринен автоунаанын алдыңкы тарабы сүзүлгөн абалда табылган. Бул боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран Баткен шаарынын 16жаштагы А.М. аттуу тургуну экени аныкталып, Ош шаарында кылмышын жашырып жүргөн жеринен кармалып келинген. Тергөөнүн жүрүшүндө бул жаш өспүрүм Ош шаарында да бир канча кылмыштарды жасап жүргөнү такталат. Ошондой эле Кадамжай районундагы  Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарындагы К.Жга таандык «Мерседец-Бенц спринтер» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен сумканы уурдап кеткендиги, ошондой эле сумканын ичинде 195000сом жана автоунаанын керектүү документтери болгондугу аныкталат. Кылмышка шектүүнү Ош шаарынан аныктап кармашканда жанынан уурдалган сумка жана автоунаанын документтери далил буюм катары алынат.

 Кыйноолоду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын жаш өспүрүмдү Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери тарабынан  кыйноого алынган деген маалыматын четке кагабыз. Анткени жаш өспүрүм кармалган учурда анын жанынан уурдалган автоунаанын ачкычы жанынан далил буюм катары алынган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин УКЖнын начальниги С.Каримов менен Баткен облусундагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын ортосундагы пикир келишпестиктен улам чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыяланган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы