Түндүк Казакстан облусунда куш тумоосу чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Бул маалымат Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыкты сактоо уюмуна да кабарланды. Ооруну атайын адистер өлгөн кушту текшергенден кийин тастыкташкан.

Маалыматка караганда, 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин бул облустун 7 районунда канаттуулар кырылган. Учурда ал аймактарда тиешелүү чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле Россия Федерациясы менен чектешкен аймактагы жаныбарларды эмдөө үчүн дары-дармектер даярдалууда.

Канаттуулары кырылган жашоочуларга тиешелүү компенсация берилип жатканы айтылды.